Аксыда сууга түшүп кеткен 26 жаштагы жигит эки күндөн бери изделүүдө

Биринчи күнү издөө иштерине 12 куткаруучу тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Аксы районунун Тегирмен айылында 26 жаштагы жигит Кара-Суу суусуна түшүп кеткенин ӨКМ билдирди.

Кырсык 2-апрель күнү болгон. Дароо ӨКМдин 12 куткаруучусу келип, жабырлануучуну караңгы киргенге чейин издешкен.

ӨКМ 3-апрелде издөө иштери улантыла турганын белгиледи.