Россияда мигранттарды кызамыкка каршы эмдөө башталды

Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин Россиянын бардык региондорунда иштеп жүргөн эмгек мигранттары эмдөөдөн өтүшү керек.
Sputnik

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Россияда эмгек мигранттарын кызамыкка каршы эмдөө 1-апрелден тарта башталды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Бул жаатта Россиянын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдын бакубаттыгы боюнча маселеге көзөмөл кылган федералдык кызматы атайын токтом чыгарган.

Ишенапысова: былтыр республика боюнча 6 миңден ашуун адам эмдөөдөн баш тартты
Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин Россиянын бардык региондорунда иштеп жүргөн эмгек мигранттары эмдөөдөн өтүшү керек. Тиешелүү органдарга чет элдик жарандар менен иштешкен бардык жумуш берүүчүлөр жардам бериши зарыл.

Аймактык бийлик вакциналарды сатып алып, буга чейин кызамыкка каршы эмделбеген эмгек мигранттарына ийне саят.

Кызамык — вирус козгоочу жугуштуу оору. Вирустар адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө бөлүнүп, аба аркылуу башка кишиге жугат.