Өзгөндө унаа коюп кеткен 46 жаштагы киши мүрт кетти

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
Sputnik

ОШ, 2-апр. – Sputnik. Өзгөн районунун Жылалды айылында унаа коюп кеткен 46 жаштагы киши мүрт кетти. Бул тууралуу облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, окуя 1-апрель күнү саат 20:00дөр чамасында болгон.

"Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдо бараткан 46 жаштагы кишини коюп кеткен. Анын кесепетинен жабыркаган киши окуя болгон жерде көз жумган", — деди Теңизбаев.

Учурда экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.