"Ош" аэропортунан 3 кг героинди Россияга жөнөтмөкчү болгондор кармалды

Кармалган кишилер Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Sputnik

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү 30-мартта "Ош" эл аралык аэропортунан коңшу мамлекеттердин биринин жарандарын (26, 33, 32 жашта) кармашкан.

Такталган маалымат боюнча кылмыштуу топ Кыргызстандан Россияга баңгизатын жеткирүүнү көздөшкөн.

"Багажды текшерүү учурунда жашыруун сактоочу жай табылып, жалпы салмагы 3 килограммдан ашык 57 брикет табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча табылган заттар героин болуп эсептелинет", — деп айтылат маалыматта.

Баңгизаттын уругун банкага салып катып... Араванда кылмыштуу топ колго түштү
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүмү ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган кишилер Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы убакта УКМК бул кылмыштын уюштуруучуларын жана ага тиешеси бар башка адамдарды кармоо аракеттерин көрүп жатат.