"Ош" аэропортунун учуп-конуу тилкеси 400 метрге узарды. Сүрөт

Учуп-конуу тилкесинин жалпы узундугу 3212 метрди түздү.
Sputnik

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. "Ош" эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкеси 400 метрге узартылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан кабарлашты.

Реконструкция иштери аяктап, биринчи учак кечээ, 1-апрелде, конду.

Учуп-конуу тилкесинин жалпы узундугу 3212 метрге жетти.

Эми "Ош" аэропорту Boeing 767-300, Boeing 737-800, Airbus A320 учактарын кабыл ала алат.