Кыргызстанда алгыр куштарга паспорт берилет. Документтин сүрөтү

Колдо алгыр куш кармагандар быйыл август айына чейин паспорт алышы керек.
Sputnik

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кыргызстанда алгыр куштарга берилчү паспорт даяр болду. Андан сырткары, аларга белги коюу жана бутуна шакек салуунун эрежеси бекитилди. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Мындай аракеттер алгыр куштарды кармагандарды бирдиктүү тартипке салуу, куш салуунун улуттук салтын сактоо жана түрдүү иш-чараларга катышуу үчүн жасалууда. Аны менен катар жогору аталгандардын баарын иш жүзүнө ашыруу үчүн нормалар иштелип чыгып, атайын комиссия түзүлдү. 

Кыргызстанда алгыр куштарга паспорт берилет. Документтин сүрөтү

Алгыр кушуна паспорт алам деген жеке жана юридикалык жактар 2019-жылдын август айына чейин арыз менен кайрылса болот. Идентификациялык картанын баасы 760 сом.

"Бүгүнкү күнү мамлекеттик агенттик Сауд Аравиядагы этнофестивалга катышуу үчүн "Салбурун" федерациясынын мүчөлөрүнө алгыр куштар үчүн 26 паспорт берген. Анын 24ү маданий иш-чарага катышып келди", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандагы жапайы жаныбарлардын саны көбөйүүдө. Сүрөттөр
2019-жылдын август айына чейин колдо баккан кушуна паспорт албагандардын куштары мыйзамсыз деп табылып, КР мыйзамдарына ылайык мамлекетке алынат. Андан сырткары, 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген Эреже бузуулар жана Жоруктар боюнча кодексине ылайык жоопко тартылат.

Ал эми 2013-жылы күчүнө кирген өкмөттүн токтомуна ылайык, уруксаты жок бүркүт кармагандар 100 миң сом, ителги кармагандарга 250 миң сом айып салынат.

Учурда Кыргызстанда 200дөн ашык киши алгыр куш кармайт. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги аңчы деген күбөлүктү 100дөй кишиге берген.