Кара-Сууда кагышкан эки унаанын бири толугу менен күйүп кетти. Сүрөт

Факты боюнча экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Sputnik

ОШ, 2-апр. – Sputnik. Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылынын Бекмамат Осмонов көчөсүндө Mercedes Benz менен Ford үлгүсүндөгү эки унаа кагышып, экинчи авто толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Кара-Суу районунун 25 жаштагы тургуну Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаасын башкарып баратып Ford менен кагышып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен Ford толугу менен күйүп кеткен. Ал эми эки айдоочу менен Mercedes Benz унаасынын эки жүргүнчүсү түрдүү жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Факт боюнча экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.