Эмдиги жылы Элдик апрель революциясынын 10 жылдыгы белгиленет

Өлкө башчысы менен 15 уюмдун өкүлдөрү жолукту.
Sputnik

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы Элдик апрель революциясына катышкандар, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун туугандары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы 2010-жылдагы Элдик апрель революциясы элдин эркиндикке умтулуусун жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөшүүдөгү майтарылбас эркин, өлкөнүн жаркын келечеги үчүн өмүрүн курмандыкка чалууга даярдыгын көрсөткөн тарыхый окуя экенин белгиледи.

"Кайгылуу окуялардын учурунда курман болгондордун ысымдарын жана жаркын элестерин түбөлүккө калтыруу максатында 2020-жылы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдык мааракесин өткөрүү жөнүндө" тийиштүү Жарлык даярдалууда. Уюштуруу комитети түзүлүп, даярдык иштери башталат", — деди Жээнбеков.

Жолугушуунун катышуучулары Апрель революциясынын 10 жылдык мааракесин улуттук деңгээлде өткөрүү боюнча Жарлыктын концепциясын колдошуп, өз сунуштарын жана пикирлерин айтышты. Андан сырткары, аны ишке ашырууга жардам беришерин белгилешти.

Сооронбай Жээнбеков: үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейбиз
Ошондой эле катышуучулар социалдык-экономикалык маселелерге, маданият жана спортту, аймактарды өнүктүрүүгө, өлкөнү санариптештирүүгө, сот реформасын жүргүзүүгө, коррупцияга каршы күрөшкө байланыштуу каалоо-тилектерин жана өтүнүчтөрүн дагы айтышты.

Жолугушууга "Мекен Шейиттери", "Эр Теги", "Баатырларга таазим", "Жаркын Элес", "Апрель Баатырлары", "Айкөл Ала-Тоо", "Апрель. Элим. Кыргызстан", "Айкөл Таза Коом", "Апрель Баатырлар Биримдиги", "Апрель байрагы", "Элдик сакчы", "Элдик кайрат", "Мекен үчүн", "Орток шамы" коомдук уюмдарынын, "Патриот" элдик кошуундар кыймылынын өкүлдөрү, КР биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев катышты.