2018-жылы Кыргызстанда балдарга арналган 101 аталыштагы 91 700 даана китеп чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, балдарга арналып басылып чыккан китептердин саны жылдан-жылга өсүүдө.
"2017-жылы 100 аталышта чыкса, ал эми өткөн жылы 101 аталышта китептер басылды. Таанып-билүү багытында 14, адабий көркөм жаатында 87 аталыштагы китеп жарык көрдү. Балдарга арналган китептер барган сайын көбөйүүдө. Алардын басымдуу бөлүгү эне тилде. Бирок алар мамлекет тарабынан эмес, жеке адамдар тарабынан каржыланууда", — деди Момункулов.
Ал жаш балдар үчүн көркөм сүрөттүү китептерди көбүрөөк чыгаруу керектигин кошумчалады.