Чекчейген үкү, укмуш кооз чыйырчык. Кыргызстандагы чымчыктардын сүрөттөрү

Sputnik

Аталган датага карата Sputnik Кыргызстан таланттуу фотограф жана ишкер Иван Турковскийдин тарткан эмгектеринен сүрөт түрмөк жасады. Кызыгы, бул чымчыктарды кыргызстандыктардын көбү биринчи ирет көрүп жатса керек. Фотограф сүрөттөрдү тартууга алды эки, арты беш күндөй убактысы кеткендигин айтып берген.

1 / 10
Турна. Уясы башка канаттууларга салыштырмалуу аз болот. Аларды жазында жана күзүндө асмандан көп кездештиребиз. Кыйкуулаган үнү угулат. Негизинен шалбааларды, чөп-чарлуу көлмөлөрдү, буйткалуу, саздуу жерлерди байырлайт.
2 / 10
Тянь-Шань арча кызыл чымчыгы. Бийик жерлерди жакшы көрөт. Карагайлуу токойлордо, арчалуу төрлөрдө жашайт.
3 / 10
Чоң кара каз. Балыктуу сууларда көп кездешет, кээде туздуу суулардын аймагын да байырлайт.
4 / 10
Кидик арам өрдөк. Мекени — камыш, куурай көп өскөн саздактуу, суулуу жерлер.
5 / 10
Көк жору. Бийиктикти жакшы көргөн куштун түрү. 2000-4000 метр бийиктиктеги тоолордон кездештире аласыз. Анткени менен тамак табыш үчүн жакага деле түшүп келген учурлары кездешет.
6 / 10
Чыйырчык. Жаз кабарчыларынын бири болгон бул куш түзөңдөрдү байырлап, тоолорго көп жолобойт. Элдүү жайларда жашайт.
7 / 10
Кызыл канат. Кыргызстанда кыштап калганда көрөбүз. Суусу тайызыраак, ылайлуу жана адамзат оңой менен жете алгыс жерлерде жүрөт.
8 / 10
Чоң ак кытан. Көлдөрдү, көлмөлөрдү байырлайт. Жээкте жүрсө, алыстан эле көзгө урунат. Адам ичкен жана андан тышкаркы суулуу аймактардын туруктуу жашоочусу.
9 / 10
Саз үкүсү өтө бийик тоолордон башка жерлерди байырлай берет. Ачык талаалардан, сейрек бадалдуу түздүктөр менен адырлардан, өзөндүү жерлерден, өтө калың эмес токойлордон кездештирүүгө болот.
10 / 10
Ак куйрукту суу бүркүт. Жанында суу аккан токойлордо, талаанын бак-дарактуу жерлеринде, балыкка бай көлдөргө жакын аймактарда, камыштуу жээктерде жүрөт.