Санкт-Петербургдагы жол кырсыктан кыргызстандык каза болду

Маркумдун сөөгү Кыргызстанга 2-апрелде жөнөтүлүшү ыктымал.
Sputnik

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарындагы жол кырсыктан кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Көлдө BMW менен жүк ташуучу унаа кагышып, бир киши каза болду
30-мартта Невский жана Литейный көчөлөрүнүн кесилишинде бир нече автоунаа кагышкан.

Volkswagen Polo автоунаасын айдап бараткан 40 жаштагы кыргызстандык кырсык болгон жерде каза болгон.

ИИМдин Санкт-Петербург боюнча Башкы башкармалыгы аталган факты боюнча кылмыш ишин козгоду.

Маркумдун сөөгү Кыргызстанга 2-апрелде жөнөтүлүшү ыктымал. Активисттер керектүү акча каражат чогултушту.

Каза болгон жарандын жакындарына жардам берүү элчиликтин көзөмөлүндө.