УКМК: вице-премьер Разаковдун тажик чалгын органдарына тиешеси жок

УКМК чет элдик атайын кызматтар өздөрүнө жакпаган аткаминерлерди ушундай жол менен атайылап жаманатты кыларын билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети вице-премьер Жеңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси жок экенин аныктады.

Разаков кыргыз-тажик чегиндеги окуя боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын айтты
Буга чейин социалдык тармактарда Жеңиш Разаков Кыргызстандын кызыкчылыктарын сатты делген маалыматтар тарап кеткен. Бирок 25-мартта өкмөттүн маалымат кызматы андай кабарлар чагымчыл мүнөзгө ээ экенин билдирген.

УКМК Кылмыш жаза кодексинин 307-беренеси ("Мамлекетке чыккынчылык кылуу") менен сотко чейинки териштирүү иштерин аткарган. Натыйжада Разаков башка мамлекеттердин атайын кызматтары менен байланышы жок экени белгилүү болду.

"2016-жылдын 6-июлунда сайттардын бирине "Быль о том, как чекист чекиста завербовал" аталышындагы жаңылык жарыяланган. Учурда бул сайт иштебейт. Ошол сайтка ээлик кылат делген "Бирдиктүү Тажикстан" оппозициялык уюму менен материалдын Шабнами Собири деген автору ойдон чыгарылган", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле УКМК чет элдик атайын кызматтар өздөрүнө жакпаган аткаминерлерди ушундай жалган маалыматтарды таратуу менен элге жаманатты кылуу ыкмасын байма-бай колдонуп келерин белгиледи.