Олимпиаданын коло байге ээси Руслан Түмөнбаевдин медалдары уурдалды

Уурулук фактысы каттоого алынганын милициядан ырасташты.
Sputnik

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Олимпиада оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча коло медаль ээси Руслан Түмөнбаевдин медалдарын белгисиз адамдар үйүнөн уурдап кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине спортчунун бир тууган карындашы Бактыгүл Түмөнбаева билдирди. 

Олимпиаданын коло байге ээси Руслан Түмөнбаевдин медалдары уурдалды

"Уурулар Ак-Өргө конушундагы үйгө кирип, Русландын документтери менен кошо 12 медалын уурдап кетишкен. Алардын арасында Олимпиададан алган сыйлыктары бар болчу. Мындан сырткары, телевизор менен кымбат баадагы сакал алуучу машинаны дагы көтөрүп кетишкен", — деди Түмөнбаева.

Ошто кеңседен 4,7 млн. сом уурдады деп эки улан кармалды. Бирөө өз кызматкери
Окуя 29-мартта болгон. Спортчунун туугандары ошол эле күнү милицияга арыз жазып кайрылышкан. Түмөнбаев өзү болсо үч айдан бери чет жакта жүрөт.

Бишкек ШИИББ уурулук фактысы болгонун тастыктап, Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") боюнча каттоого алынганын айтышты.

Руслан Түмөнбаев 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында коло медаль тагынган. Ага чейин 2006-жылы Азия оюндарында дагы коло медалга татыган. 2007-жылы болсо Азия чемпионатында коло, бир жылдан кийин ушул эле чемпионатта алтын тагынган.