Мадумаров Баткен облусун жетектемей болду

Тиешелүү буйрукка премьер Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Акрам Мадумаров өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Мадумаров буга чейин Кадр кызматын жетектеп келген. Ага чейин президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары жана Кадамжай районунун акими кызматтарын аркалаган.

Буга чейин облустун мурдагы жетекчиси Абиш Халмурзаев иштен алынган болчу.