Кыргызстан хоккей боюнча Кувейт командасын 14:0 менен утуп алды

Абу-Даби шаарында Дүйнө чемпионаты-2020 оюндарына тандоо өтүп жатат. Кыргызстандын курама командасы эми төрт оюн өткөрөт.
Sputnik

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы Дүйнө чемпионаты-2020 оюндарынын тандоо турунда Кувейттин оюнчуларын 14:0 эсебинде жеңип алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Хоккей федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыпов билдирди.

Тандоо турунун алкагындагы биринчи оюн 31-мартта Абу-Даби шаарында өткөн. Кыргызстандыктар эми Босния жана Герцеговина, Гонконг, Бириккен Араб эмирлиги жана Таиланддын курама командалары менен беттешет.

Кыргызстандык оюнчулардын беттеше турчу күндөрү:

  • 1-апрель — Кыргызстан — Таиланд;
  • 3-апрель — Кыргызстан — Босния жана Герцеговина;
  • 4-апрель — Кыргызстан — Гонконг;
  • 6-апрель — Кыргызстан — Бириккен Араб эмирлиги.

Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты 2020-жылы 1-17-майда Швейцариянын Цюрих жана Лозанна шаарларында өтөт. Эгер Кыргызстандын курамасы тайпасынан чыкса, үчүнчү дивизионго кирип, Дүйнө чемпионатына катышууга укук алат.