Быйыл жылдагыдан өзгөчөлөнүп, марафондон түшкөн акчанын бир бөлүгү Кыргызстандын көзү азиздер федерациясына которулат. Тагыраак айтканда, ар бир катышуучунун төлөгөн акчасынан 50 сом бөлүнөт. Бул тууралуу Айгерим Моношбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маалымдады.
Анын айтымында, аталган федерацияга берилчү акчанын жалпы суммасы 75 000 сомду түзөт.
"Жаз деми" — жарым марафон. Анда каалоочулар 5, 10 жана 21 чакырым аралыкка чуркашат. Марафонго 16 жаштан улуу бардык каалоочулар катыша берсе болот. Бирок алдын ала билдирүү калтыруу керек. Быйыл 1500 адамдын катышуусу күтүлүүдө. Учурда билдирүүлөрдү кабыл алуу токтотулду. Ошондой эле үч жаштан 15 жашка чейинки балдар дагы 100, 200, 500 метрге чуркай алышат. Бүгүнкү күндө катышууну каалаган балдардын да тизмеси толду. Жылдагыдан айырмаланып, аталган марафондо быйыл кайрымдуулук иши да өтөт. Тактап айтканда, катышуучулардан чогултулган акчадан 75 000 сом Кыргызстандын көзү азиздер федерациясына берилет. Федерация өз кезегинде муктаж болгон мүчөлөрүнө атайын таякчаларды сатып берет", — деди Моношбекова.
Ал марафондун максаты элди сергек жашоого үндөө экендигин кошумчалады.