Фура автоунааны сүзөөр алдында кишилердин качканга жетишип калган видеосу

Окуя Польшадагы ири трассалардын бири S8де болгон.
Sputnik

Ажалы жок экен! Ири автоунаа аз жерден басып кала жаздаган эне-баланын видеосу
Видеодон фуранын кан жолдун боюнда токтоп турган жүк ташуучу автоунааны көздөй бурулуп барып, капыстан эле аны талкалай сүзгөндүгүн көрүүгө болот. Кырсык болоруна бир нече секунда калганда анын ичиндегилер болуп көрбөгөндөй шамдагайлык менен сыртка секирип, күү менен келе жаткан фуранын алдынан өтүп кеткенге жетишкен.

Видео YouTube каналына жарыяланган.

Маалыматта адамдар бул окуядан жабыркабагандыгын айтышты.

Буга чейин да интернетке фуранын жол жээгиндеги жеңил автоунааны илип кеткен видеосу жарыяланган.