Радио

Бекбасарова: чылым чекпегендердин укугу корголбой жатат

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык саламаттыкты сактоо борборунун чылымга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Бекбасарова статистика боюнча калктын 25-27 пайызы тамеки тартарын айтты.
Sputnik
Бекбасарова: чылым чекпегендердин укугу корголбой жатат

Ал эми калган көпчүлүк чылым чекпейт жана алардын укугу бүгүнкү күндө корголбой жатат. Анткени алар коомдук жайда тамекиге ууланууда. Бул тууралуу Чынара Бекбасарова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ар бир адам таза аба менен дем алууга укуктуу.

"Статистикага таянсак, калктын 25-27 пайызы темеки тартат. Ал эми калган чылым чекпеген адамдардын укугу корголбой, каралбай жатат. Ар бир адам таза аба менен дем алууга укуктуу. Учурда көпчүлүк элдин, жаш балдардын ден соолугуна тамекинин тийгизген терс таасири тууралуу айтпай жатабыз. Тескерисинче, коомдук жайларда чылым чеккендерте айып салуу боюнча кабыл алынган мыйзам долбоору иштебей, коомдук жайларда тамеки тарткандарга айып пул салынбай жатат", — деди ал.

Бекбасарова чылым чегип унаа айдап бараткан айдоочуга да айып пул салынышы керектигин кошумчалады.