Көлдө BMW менен жүк ташуучу унаа кагышып, бир киши каза болду

Жол тандабастын ичиндеги аял уулу жана кызы менен ооруканага жеткирилди.
Sputnik

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдүн түндүк тарабындагы жолдо BMW Х5 жүк ташуучу Mercedes-Benz унаасына урунуп, бир эркек киши каза болгонун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Кырсык 31-март күнү болжол менен саат 11.30дарда Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунун 139-чакырымында болгон.

"Бишкектин 40 жаштагы Ж.С. аттуу тургуну BMW Х5 унаасын айдап чыгышты көздөй бара жаткан. Алдын ала маалымат боюнча Жаркымбаев айылынын тушунда каршы тилкеге чыга калып, жүк ташуучу унаага урунган", — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкекте Тез жардам унаасы катышкан жол кырсыктын чоо-жайы
Айдоочунун окуя болгон жерде мүрт кеткени белгилүү болгон. Ал эми жол тандабастын ичиндеги аял уулу жана кызы менен ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу жабыркаган эмес.

Эки машина тең атайын короого токтотулду. Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.