Бишкектин борбордук бөлүгү жарыксыз калды

Күбөлөр Чүй проспектисинде жол чырак иштебей, тыгын жаралганын билдиришти.
Sputnik

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бишкектин борбордук бөлүгүндө саат 17:33тө жарык өчтү. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Ведомстводон маалымдашкандай, учурда себептери такталып жатат.

"Керектөөчүлөр кыска мөөнөткө башка линияларга кошулат. Бирок азырынча жарык бериле элек", — дешти ишканадан.

Учурда Чыгыш-6 кичирайонунда, Шопоков, Абдрахманов жана ушул жакка жакын жайгашкан аймактарда жарык жок.

Күбөлөр Чүй проспектисинде жол чырак иштебей, тыгын жаралганын билдиришти.