Кыргызстандыктар Алматыда өткөн страйкбол мелдешинде биринчи болду

Республикадан 100 киши барган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кыргызстандын командасы Казакстанда өткөн страйкбол боюнча мелдеште биринчи болду.

Турнир 30-мартта өтүп, ага 500дөй киши катышкан.

Онг Бактай сокку узатат деген Эрлан эми айнектерди бычырата тебүүдө. Видео
Кыргызстандан барган команданын катарында Sputnik Кыргызстан агенттигинин фотокабарчысы Табылды Кадырбеков да болгон. Кыргызстандын командасы аталган мелдешке биринчи ирет катышканы айтылды.

Страйкбол — бул командалык аскер-спорт оюну. Катышуучулар эки командага бөлүнүп, аскер полигонунда беттешип, оюн үчүн чыгарылган пневматикалык курал колдонулат.