БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Украинада шайлоо участкаларынын баары жабылганын РИА Новости билдирди.
Президенттик шайлоонун экинчи туруна шоумен Владимир Зеленский менен учурдагы президент Петр Порошенко чыкты. Мында Зеленскийге шайлоого келгендердин 30,7 пайызы добуш берсе, Порошенко добуштардын 18,6 пайызына ээ болгон.
Украинанын мыйзамы боюнча талапкерлердин бири шайлоочулардын жарымынан көбүрөөк добушун ала албаса, экинчи тур өтөт. Ал 21-апрелге белгиленгени айтылган.
Президенттик шайлоо 31-мартта өтүп, өлкө башчылыгына 39 талапкер ат салышты. Бул рекорддук көрсөткүч. Украина президенти беш жылдык мөөнөткө шайланат.