Шевченко Макгрегор жана Нурмагомедов менен катарлашып, 15 мыктынын бири болду

Уюм мыктынын мыктылары кирген өзүнчө элиталык рейтинг түзүп келет.
Sputnik

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко салмак категориясына карабай UFC уюмунун 15 мыкты мушкеринин катарына кирди. Жаңыланган рейтингди уюм ушул жумада түздү.

Андагы эң башкы жаңылык — америкалык мушкер Ти Жей Диллашоунун тизмеден чыгып калышы болду. Апта башында жеңил салмактагы чемпион допинг тесттен жыдып, UFC курунан ажыраган. Эми Диллашоу бир да рейтингге кире албай калды.

Америкалык спортчунун ордуна уюм эң жеңил салмактагы чемпион Валентина Шевченкону киргизген. Ал 15-сапты ээлеп турат.

Хабибдин UFC боюнча кезектеги беттеши качан өтөрү белгилүү болду
Мыктылардын мыктысы болуп оор салмактагы чемпион Даниэль Кормье табылды. Экинчи орунда жарым оор салмактагы чемпион Жон Жонс турат. Ал эми россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов үчүнчү сапта.

Андан кийин UFC уюмунун жарым жеңил салмактагы чемпиону Макс Холлоуэй жайгашты. Шевченконун эзелтен берки атаандашы Аманда Нуньес алтынчы орунда турат. Крис Сайборгду утуп, экинчи курун тагынгандан кийин Аманда дароо алты тепкичке көтөрүлгөн. Ирландиялык Конор Макгрегор тогузунчу сапты ээледи.

Ал эми өзүнүн салмак категориясында Валентина абсолюттук чемпион.