БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Ош калаасынын Дене тарбия жана спорт комитетинин спортчулары жалпы шаардык ишембиликтин алкагында Ак-Буура дарыясынын жээгин акыр-чикирден тазалады. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан кабарлашты.
Ишембиликте дарыянын Грензавод аймагындагы көпүрөдөн борбордук базарга чейинки аралыгы тазаланган.
"Тазалоо иштери учурунда желим баштыктар, бөтөлкөлөр алынган. Андан сырткары, куураган чөп менен жалбырактар да чогултулду", — деп айтылат маалыматта.
Ишембиликке 60дай спортчу тартылган.
Андан сырткары, шаардагы "Токтогул" паркы да тазаланып, жашылдандыруу иштери жүргүзүлгөн.
Ошону менен катар эле шаардагы арыктарды тазалоо иштерине аскерлер дагы тартылган.