БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Румыниялык кикбоксчу Эдуард Гофенку Бухарестте өтүп жаткан Colosseum Tournament XI турниринде голландиялык Томас Доевди "торнада" ыкмасы менен башка тээп нокаутка кетирди. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.
Спортчулар 81 килограмм салмакка чейинки категорияда беттешкен. Биринчи раунддун аягында Гофенку атаандашын рингдин бурчуна такап, башка тээп эсин оодарган. Аталган ыкма спорт чөйрөсүндө "торнада" деген ат менен белгилүү.