Поезд коюп кеткен автоунаадагы 1,5 жаштагы бөбөк чарчап калды. Чүйдөгү кырсык

Honda Accord үлгүсүндөгү автоунаа поезддин жолунан кесип өтүүгө аракет кылып, бирок жетишпей калган.
Sputnik

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Поезддин жолунда калган автоунаанын ичиндеги 1,5 жаштагы кичинекей кыз ооруканага жетпей чарчап калды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Бишкек — Ош жолунда жүк ташуучу унаа оодарылып кетти. Видео
Буга чейин Чүйдүн Москва районунда поезд жеңил унааны сүзүп кеткенин, кичинекей балага жардам көрсөтүлгөнүн окуяга күбө болгон адам кабарлаган. Кырсыктан эки киши көз жумган.

Алдын ала берилген маалыматта Honda Accord айдоочу келе жаткан поезддин алдынан өтүп кетем дегени менен жетишпей калып, адам өмүрү кыйылганы айтылган болчу.

Министрликтен кырсыктан эки киши катуу жабыркап, алардын бири 1,5 жаштагы кыз ооруканага баратып, Тез жардам автоунаасында чарчап калганын кабарлашты. Экинчи жабырлануучу — 27 жаштагы аял учурда кайра жандандыруу бөлүмүнө бир нече жаракаты менен жаткырылгандыгы айтылды.