Оозу толтура аары! Бал чогулткучтун таңгалдырган жана кооптондурган видеосу

Эркек киши аарыны уучтап оозуна эле салбастан, уюкту оюп, башына илип алган.
Sputnik

Индияда бал чогулткучтун жөнөкөй адамды бир эсе таңгалдырса, бир эсе чочуткан видеосу тарады. Адатта мындай адамдар башына коргонуучу тор кийип, атайын жабдуулары менен келет. Бул сапаркы видеодо бал чогулткуч индус уюкту балы менен кошо эле алып кетип тим болбостон, ызылдап учуп жүргөн аарыларды оозуна, кийиминин ичине салып алганын көрүүгө болот.

Жөргөмүш менен алышкан аарынын видеосу соцтармакты дүрбөттү
Ролик Newsflare порталынын YouTube каналына жайгаштырылган.

Анысы аз келгенсип, аарылардын уюгун ортосунан оюп кесип, мойнуна илип алган. Эркек кишиден аары чагып алат деген кооптонуунун белгисин көрө албайсыз.

Маалыматта 32 жаштагы Сук Мохаммад Далалдын батыш Бенгалияда акыркы 16 жылдан бери бал чогулткуч болуп иштери жазылган.

Бул кесипте жүрүп аарынын уусуна туруштук берген иммунитеттүү болуптур. Мындай өзгөчөлүктү Калькутта шаарында дарыгердин жардамчысы болуп иштеп жүргөндө алган тажрыйбасы бергенин айтып берген.