Дүйнөдөгү эң популярдуу музей аталды

Биринчи орунга татыган музейге өткөн жылы 10 миллиондон ашык адам барган.
Sputnik

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Көрүүчүлөр эң көп келген музейлердин ичинен Париждеги Лувр биринчи орунга татыды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, ага өткөн жылы 10 миллиондон ашык адам келген. Аны мындай ийгиликке жеткирген себептердин бири белгилүү рэпер Jay-Z менен ырчы Бейонсенин музейден клип тартканы болушу мүмкүн.

Эң бактылуу өлкө аныкталды. Кыргызстандын позициясы жакшырды
Экинчи орунду Пекиндеги улуттук музей, үчүнчүнү Нью-Йорк шаарындагы Метрополитен музейи алган.

Ошондой эле алдыңкы бештикке Ватикан музейи менен Лондондогу Тейт заманбап галереясы кирди.

Ал эми алдыңкы ондукка Лондон улуттук галереясы, Вашингтон улуттук искусство галереясы, Санкт-Петербургдагы Мамлекеттик Эрмитаж жана Лондондогу Виктория жана Альберт музейи кирди.