Бишкек — Ош авиакаттамы үч сааттан ашык кармалды. Себеби

Жүргүнчүлөр алгач учакка отургузулуп, андан соң кайра аэропорттун күтүү залына жеткирилген.
Sputnik

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Жүргүнчүлөр Бишкектен Ош шаарына жетүү үчүн учакты үч сааттан ашык күтүштү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош авиакаттамы саат 7.55те учмак. Бирок белгисиз себептерден улам өз убагында аткарылган эмес. Анда жүргүнчүлөр алгач учакка отургузулуп, андан соң кайра аэропорттун күтүү залына жеткирилген.

Аталган каттамды ишке ашыра турган Air Manas компаниясынын директору Талгат Нурбаев учак техникалык себептерден улам кармалгандыгын айтты.

"Ошко уча турган каттам бир аз эле кармалды. Самолет абага көтөрүлүүгө даярдана баштаганда эскертүү белгиси чыгып калган. Мындан улам адистер текшерүү иштерин аткарып, бирок мүчүлүштүк тапкан жок", — деди Нурбаев.

Ал эми аэропорттон учакка үч жарым сааттан кийин, саат 11.30да учууга уруксат берилгенин маалымдашты.