Эми Казакстандан Испанияга учактар түз каттай баштайт

Мындай макулдашуулар Мадрид шаарында өткөн сүйлөшүүдөн кийин жетишилип, өкмөттөр аралык документке кол коюлган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Казакстан менен Испаниянын авиакомпаниялары жумасына жети жолу жүргүнчү жана жүк ташуу боюнча укук алышты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Мындай макулдашуулар Мадрид шаарында өткөн сүйлөшүүдөн кийин жетишилип, өкмөттөр аралык документке кол коюлган.

Кытайда дүйнөдөгү эң чоң аэропорт салынууда. Сүрөттөр
Маалыматка ылайык, учактар Нур-Султан шаарынан (мурдагы Астана) каттайт. Казакстан туристтер үчүн ыңгайлуу болгон 30 мамлекеттин катарына кирүүгө аракет кылып, бул жаатта тийиштүү министрликтер иш алып барууда.

Мындан мурдараак Казакстандын Жарандык авиация комитети Токио менен да түз аба каттамын ачуу боюнча келишимге кол койгон. Эми быйыл жылдын экинчи жарымынан тарта Air Astana компаниясы учууларды аткара баштайт.