Бишкекте бир күндө үч бак кулады. Сүрөт

Эмен багы жакын турган соода күркөсүнүн чатырын талкалаган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында бир күндө үч бак кулаганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бактыга жараша, кулаган бактардан эч ким жабыркаган эмес. Мэриянын карамагындагы тийиштүү кызматтар окуя болгон жерге дароо барып, кулаган бактарды жыйнап кетишкен.

Кудай сактаптыр! Бишкекте төрөт үйүнүн маңдайындагы бак кулады. Сүрөт
Ага ылайык, 30-мартта эртең менен Гоголь жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде бак кулаганы тууралуу билдирүү келген. Ал электр зымдарын үзүп кеткен.

Андан сырткары, Патрис Лумумба көчөсүндөгү жеке үйдүн короосундагы кара жыгач кулаган.

Ал эми Түгөлбай ата менен Раззаков көчөсүнүн кесилишинде эмен багы кулап, жакын турган соода күркөсүнүн чатырын талкалаган. Соода жайынын ээси доосу жок экенин билдирген.