Ош шаарында сел жүрүп, жер көчө турган жерлерге бак отургузулду. Сүрөт

Көчөттөр өсүп кетсе, Озгур айылынын жогору тарабындагы 15 турак жайды, автоунаа өтүүчү жолду жана төмөндөгү "Южный" каналынын 500 метр жерин жер көчкүдөн сактап турмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Ош шаарындагы сел жана жер көчкү кооптуулугу бар аймакка көчөттөр отургузулду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Түштүк калаадагы Озгур айылында жаан-чачын болгон мезгилде сел суулары жер кыртышынын бузулушуна алып келүүчү 0,7 гектар жер аянты бар.

Жаналиев: көзгө толумдуу көчөт отургузууга аракеттенип жатабыз
ӨКМ кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен биргеликте келечектеги кырсыктардын алдын алуу максатында аталган аймакка 200 түп бадам, 200 түп өрүк, 100 түп айлант отургузушту.

Көчөттөр өсүп кетсе, Озгур айылынын жогору тарабындагы 15 турак жайды, автоунаа өтүүчү жолду жана төмөндөгү "Южный" каналынын 500 метр жерин жер көчкүдөн сактап турмакчы.