Нарын каскадындагы ГЭС 100 млн. долларга жаңыланмай болду

Жаңыланган ГЭСтин кубаттуулугу 180 мегаваттан 216 мегаваттка чейин көбөйөт.
Sputnik

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо үчүн 100 миллион доллар бөлүүнү чечти. Бул тууралуу банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Россиялык компаниялар Кыргызстанда кичи ГЭСтерди курууга кызыкдар
Үч-Коргон — Нарын каскадындагы алты ГЭСтин эң эскиси. Аталган гидроэлектрстанция 1962-жылы колдонууга берилип, андан бери модернизацияланган эмес. Жаңыланган ГЭСтин кубаттуулугу 180ден 216 мегаваттка чейин көбөйөт. Ошондой эле болоттон жасалган гидротехникалык курулуштар менен плотина бекемделип, чогулуп калган калдыктар тазаланат. Бул өз кезегинде ГЭСтин гидромеханикалык жабдууларынын туура иштөөсүн камсыздайт.

"Азия өнүктүрүү банкы берип жаткан каржылык жардамдын 60 миллион доллары насыя, 40 миллион доллары грант түрүндө болот", — деп айтылат маалыматта.

АӨБ белгилегендей, Кыргызстан гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгүнүн 10 пайызын гана колдонот.