Кыргыз өнөрпоздору эми жыл сайын Сауд Аравияда фестиваль өткөрөт

Кыргызстан уюштуруучулар менен 10 жылга келишим түздү.
Sputnik

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстан мындан ары "Көчмөндөр ааламы" фестивалын Сауд Аравияда жыл сайын өткөрүп турат. Бул туурасында Этнооюндар конфедерациясынын президенти Аскат Акибаев маалымат жыйында билдирди.

Анын билдиришинче, Сауд Аравияда Camel Fest фестивалын уюштурган Camel Club уюму менен 10 жылга келишим түзүлгөн.

"Биздин оюндар чет элдиктердин купулуна толду. Абдан ыраазы болуп "биз мунун беш пайызын гана көрө алабыз" деп ойлогонбуз дешти. Соңунда 10 жылдык келишим түзүлүп, жыл сайын ушул маалда ушундай курам менен барып, "Көчмөндөр ааламы" фестивалын көрсөтүүгө макулдаштык", — деди Акибаев.

Сауд Аравиядагы этнофестивалга катышкандар канча гонорар алары айтылды
Мындан сырткары, ал ушул сыяктуу долбоорлор менен башка өлкөлөргө да чыгуу пландалып жатканын кошумчалады.

Camel Fest фестивалы 9-23-март күндөрү Эр-Рияд шаарында өттү. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында өнөрүн тартуулаган. Ага 2000дей кыргызстандык катышып, "Көчмөндөр ааламы" деп аталган этнофестивалын көрсөтүштү. Кыргызстандан барган делегацияга атайын 15 гектар жер берилип, ипподром, этнобазар жана көчмөндөр айылы курулган. Ошондой эле катышуучулардын тамак-ашы, жаткан жери беленделип, мал-жаны багылган. Кеткен чыгымдын баарын уюштуруучулар көтөрдү.