Фарид Ниязов министр Кашкар Жунушалиевге ачык кат жазды

ИИМге түшкөн арызда Ниязов баштаган комиссия мүчөлөрү 2017-жылы кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланганы айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Ички иштер министрлигине Максат Чегирткеев аттуу жаран 2010-жылы 6-7-апрелдеги окуялардан каза болгондордун жакындары жана жаракат алгандарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Фарид Ниязовду жана башка кишилерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу арыз менен кайрылды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Арызда Ниязов баштаган комиссия мүчөлөрү 2017-жылы кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, Сочи шаарына барып дарыланып келүү үчүн дарыгерлердин бүтүмүнө карабастан Чегирткеевдин эсебине которулган 200 миң сомду кайтарып алган. Анын кесепетинен арыз ээсинин ден соолугу начарлап, моралдык жактан жапа тартканы жазылат.

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келсе эмне болорун УКМК айтты
Аталган факты 20-мартта ИИМге катталып, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Ошол эле күнү прокуратура арызды Кылмыштар менен жоруктар тууралуу бирдиктүү реестрге каттап, Кылмыш жаза кодексинин 340-беренесинин 4-бөлүгү ("Ээлеген кызматына карабастан кызматтык абалынан пайдалануу") боюнча баштапкы тергөө амалдары башталган.

Кылмыштар менен жоруктар тууралуу бирдиктүү реестрге катталган маалыматтар юридикалык баа берүү үчүн ИИМдин тергөө кызматына жөнөтүлүп, ыкчам тергөө тобу түзүлдү. Учурда тийиштүү аракеттер көрүлүүдө.

Ал ортодо Фарид Ниязов ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге ачык кат жазып, Чегирткеев жазган арыз боюнча расмий жооп берүүнү өтүндү.

Ниязов өз катында аталган мамлекеттик комиссия Саламаттык сактоо министрлигине Чегирткеевге Кытайдагы клиникалардын биринде операция жасоо үчүн 4 миллион сомдон ашык каражат бөлгөнүн белгилеген. Себеби андай оор операцияны Кыргызстанда жасоого мүмкүн болгон эмес.

"Кудайга шүгүр, Максатка операция ийгиликтүү жасалып, ал бутуна турду. Аны баарыбыз Бишкектен тосуп алып, сүйүнгөнбүз. Саламаттык сактоо министрлигинин эсебинде калган акчаны Чегирткеев же накталай алып, же өзү жана үй-бүлөсү үчүн Сочидеги санаторийге барып келүүнү каалаган. Анын мындай каалоосун орундатууга мүмкүн эмес болчу. Анткени мамлекеттик комиссия Кыргызстанда жасоого мүмкүн болбогон дарылоо үчүн чет жактан дарыланууга гана акча бөлүүгө укуктуу эле. Андан сырткары, акча Чегирткеевге эмес, Саламаттык сактоо министрлигине бөлүнгөнүн белгилей кетүү керек", — деп жазылат катта.

КСДП расмий түрдө оппозицияга өттү
Ниязов мындай маалыматтардын таркап жатышы кокусунан эместигин, арыз жазган Чегирткеев Эмилбек Каптагаевдин өкүл баласы экенин жазды. Анткени Каптагаев акыркы учурда Атамбаевге байланышкан нерселерге каршы чыгып жатканын билдирген.

Ал эми Каптагаев Ниязовдун айыптоолорун четке кагып, Чегирткеев анын өкүл баласы эместигин социалдык тармактагы баракчасына жазды.