Бишкектеги эмерек цехинен чыккан өрт өчүрүлдү. Сүрөттөр

Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен төрт сааттан ашык алышты.
Sputnik

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Эмерек цехинен чыккан өрт толугу менен саат 23.25те өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Матросов №1 дарегиндеги эмерек цехи күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматына 18.55те түшкөн.

Жеринде өрт өчүрүүчү төрт унаа иштеди. Окуянын себеби такталып жатат.

Күбөлөр өрттү видеого тартып алышкан.