Бишкектеги эки жаңы конушта жаңы сквер пайда болмокчу. Эскиз

Мини-парктагы дарактардын ашыкча жерлерин кыркып иретке келтирип, гүлдөрдү, бадалдарды отургузуу пландалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. "Бишкек жашыл чарба" ишканасы Анкара — Виноградная көчөлөрүнүн кесилишиндеги дагы бир сквердеги оңдоого киришти. Бул туурасында борбор калаанын мэриясынан кабарлашты.

"Жакында Кара-Жыгач менен Алтын-Ордо-1, 2 жаңы конуштарынын жашоочулары эс алып, сейилдей турган скверлүү болушат", — деп айтылган маалыматта.

Бишкекке жаңы жол чырактар коюлат. 18 кесилиштин тизмеси
Жаңы жайдын аянты 15 000 чарчы метр болмокчу. Мини-парктагы дарактардын ашыкча жерлерин кыркып иретке келтирип, гүлдөрдү, бадал жана жаңы бактарды отургузуу пландалууда.

Андан сырткары, көк майсаң чөп жаткырылып, таштанды челектер коюлуп, отургучтар орнотулат.

Жашылдандыруу үчүн арыктар казылып, алардын таманына таштар төшөлүүдө. Буга кошумча көрк берүүчү ар кыл архитектуралык фигуралар коюлат.

Бул быйылкы жылдын эсебинен жасалып жаткан биринчи сквер. Буга чейин 9 сквер менен 2 бульвар жашылдандырылып, жасалгаланган.