Мэрия Түштүк магистралдагы кафелердин жайкы аянтчаларын алып салды

Жыйынтыгында шаар ичи боюнча 7727 чарчы метр (0,7727 га) аянт бошотулду.
Sputnik

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаар ичиндеги айрым кафелердин мыйзамсыз курулган жайкы аянтчаларын алып салды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы бул ишти муниципалдык жерди инвентаризациялоо максатында кылып жатат.

Кайсы объектилер алынды?

  • Жайкы аянтчасы бар "Шашлычок" кафеси;
  • "Алмаз" кафесинин жайкы аянтчасы;
  • "Шашлычный двор" кафесинин жайкы аянтчасы;
  • "Я люблю шашлык" кафесинин жайкы аянтчасы;
  • Курулуп жаткан "Золотая бочка" кафесинин металл каркасы;
  • KIM PAB рестобарынын жайкы аянтчасы.

Жыйынтыгында шаар ичи боюнча 7727 чарчы метр (0,7727 га) аянт бошотулду.