Бишкектеги аскер бөлүккө казак жоокеринин сүрөтүн илгендер жазаланды

Буга чейин калаа тургуну плакатка жакындап келип, аскерлердин формасындагы "Казакстан" деген жазууну көрсөтүп, аскер комиссариатын уяткарып сүйлөгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкектеги Биринчи Май райондук аскер комиссариатынын дубалына Казакстандын аскер кызматкерлеринин сүрөтү илинген факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөнүн Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

"Күнөөлүүлөр аныкталып, катуу чара көрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, окурман Sputnik Кыргызстан редакциясынын Telegram каналына борбор калаадагы аскер комиссариатынан тарткан видеосун салып жиберген. 

Бишкектеги аскер бөлүккө казак жоокеринин сүрөтүн илгендер жазаланды

Анда параддык кийим менен казакстандык эки танкисттин сүрөтү аталган жайда чоң эле аянтты ээлеп, илинип тургандыгын көрүүгө болот. Видеону тарткан киши плакатка жакындап келип, аскерлердин формасындагы "Казакстан" деген жазууну көрсөтүп, аскер комиссариатын уяткарып сүйлөгөн.