Аравияга кеткен топоз, тайган, бүркүттөр кайра келеби? Уюштуруучулардын жообу

Эр-Риядда өткөн этнофестивалга Кыргызстандан 14 топоз, 15 тайган, 24 кушту алып кетишкен болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында өткөн Camel Fest этнофестивалы үчүн алып барылган тайган, топоз, бүркүттөр Кыргызстанга кайтып келе элек. Алардын баары карантинде дагы бир жума кармалып турат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясынын спорт жана ат оюндары боюнча куратору Нурмухаммед Эшматов билдирди. 

Аравияга кеткен топоз, тайган, бүркүттөр кайра келеби? Уюштуруучулардын жообу

Аталган фестивалга көчмөн элдин маданиятын чагылдыруу үчүн 14 топоз, 15 тайган, 15 бүркүт, 5 ителги жана 4 кушту алып барышкан.

"Жандыктардын ар бири ветеринардык кароодон өткөрүлүп, эмделип, чип коюлуп эл аралык паспорт алганбыз. Ал жакта керектүү жем-чөбүн даярдап, жакшы шарттарды түзүп беришти. Куш, тайган, топоздор үчүн өзүнчө атайын сарай куруп, ичи салкын болушу үчүн кондиционер коюшуптур. Оюндан кийин баарын карантинге киргизгенбиз. Анда илдет жабышып, вирус жуккан жокпу деген таризде кароодон өтөт. Буйруса 6-апрель күнү жандыктарды Бишкекке алып келебиз. Ага чейин аларды кароо үчүн Эр-Риядда өзүбүздүн балдар калган", — деди Эшматов.

Ал ошондой эле топоздорду сатып алууга кызыккандар болгонун, бирок келишим боюнча ар бир жандык кайтып келиши керек болгондуктан ага жол берилбегенин кошумчалады.

Топоз минген кыргыздар, көз күйдүргөн сулуулар... Сауд Аравиядагы ирмемдер
Белгилей кетсек, Camel Fest фестивалы 9-23-март күндөрү Эр-Рияд шаарында өттү. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында өнөрүн тартуулаган. Ага 1000ден ашуун кыргызстандык катышып, "Көчмөндөр ааламы" деп аталган этнофестивалын көрсөтүштү. Кыргызстандан барган делегацияга атайын 15 гектар жер берилип, ипподром, этнобазар жана көчмөндөр айылы курулган. Ошондой эле катышуучулардын тамак-ашы, жаткан жери беленделип, мал-жаны багылган. Кеткен чыгымдын баарын уюштуруучулар көтөргөн.

Топоз, тайган, бүркүттөрдү Бишкектен учакка кантип жүктөп кеткенин видеодон көрө аласыздар.