АКШда аял төшүн айтпай чоңойтуп салган хирургдардын үстүнөн даттанды

Аял кызын эмчектен чыгаргандан кийин бул органы формасын жоготуп, териси чоюлуп калганын байкаган. Ошол себептен төшүн бир аз тарттырып, кичирээк формага келтирүүнү көздөгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. АКШда хирургдар төшүн кичирейткиси келген аялдын көкүрөгүн тескерисинче чоңойтуп салышкан. Бул туурлауу пластикалык хирургдардын курмандыгы болгондор тууралуу кеп кылган Botched телеберүүсүнө шилтеме берип Daily Mail басылмасы жазды.

Аял кызын эмчектен чыгаргандан кийин бул органы формасын жоготуп, териси чоюлуп калганын байкаган. Ошол себептен төшүн бир аз тарттырып, кичирээк формага келтирүүнү көздөгөн.

Кызыгы хирургдар операция маалында келинге айтпай туруп силикон имплантат салып коюшкан.

"Өзүмө келгенде төшүмдү көрүп жүрөгүм түшүп калды. Мен күткөн тыпырайган эмчектин ордунда эки топ турат. Мен чоң төштү каалаган эмесмин", — деди аял.

Кийин ал имплантаттарды алдырып, өзү каалаган форма жасатуу үчүн башка медициналык борборго кайрылган.

Ал эми өзүм билемдик кылып аялдын төшүн чоңойтуп салган дарыгерлерге кандай чара көрүлгөнү айтылган эмес.