Радио

Батракеева: ЖРТ тапшырчулар 4-апрелге чейин катталышы керек

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Чынара Батракеева
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Чынара Батракеева каттоодон өтпөгөн абитуриент ЖРТдан өтө албай турганын айтты.
Sputnik
Батракеева: ЖРТ тапшырчулар 4-апрелге чейин катталышы керек
Батракеева: ЖРТ тапшырчулар 4-апрелге чейин катталышы керек

Жалпы республикалык тестирлөө тапшырам деген абитуриенттер сөзсүз каттоодон өтүшү керек. Бул тууралуу Чынара Батракеева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 18-февралда башталган каттоо 4-апрелде жыйынтыкталат.

"ЖРТга даярдык азыркы учурда өтө кызуу жүрүп жатат. Анткени майга чейин аз эле убакыт калды. ЖРТ тапшыруучулар үчүн 18-февралда башталган каттоо 4-апрелге чейин созулат. Кимде-ким тестирлөөдөн өтөм деп, бирок буга чейин кабардар болбосо, каттоодон өтүшү шарт. Катталган гана абитуриент ЖРТ тапшыра алат", — деди Батракеева.

Ал тестирлөө дептерлери даярдалып жатканын кошумчалады.