БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Якутиядагы мигранттардын иштешине коюлган чектөөнүн ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө, анын ичинен кыргызстандыктарга тиешеси жок. Бул туурасында РИА Новости Саха-Якутиянын жетекчисинин жардамчысы Ирина Ефимовага таянып кабарлады.
Аймактын башчысы Айсен Николаев шаршемби күнү 2019-жылы Саха (Якутия) Республикасынын аймагында чет элдик жарандарга патенттин негизинде экономикалык ишмердүүлүгүн жүргүзүп, чарбалык субъектилерди тартууга чектөө койгон Жарлык чыгарган.
Бир катар ЖМКлар муну мартта Якутскиде болгон масштабдуу нааразылык менен чырдын башы болгон окуяга байланыштырган.
"Албетте, салынган тыюунун Кыргызстандын жарандарына жана ЕАЭБге кирген мамлекеттерге тиешеси жок. Жарлыкта документ патент менен иштеген чет элдиктерге гана тиешелүү", — деп түшүндүрдү Ефимова.
Кылмыш Орто Азиядан келген мигрант тарабынан жасалды деген маалымат коомдо резонанс жаратып, жергиликтүү тургундар митингге чыгып, нааразычылыгын билдирген. Мындан улам мигранттардын иштөөсүнө коркунуч жаралган.
Абалды жөнгө салуу үчүн Якутия менен Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү да жолугушкан.