Путинди ташыган лимузиндин ички көрүнүшү. Видео

Видео Абу-Даби шаарында болгон IDEX-2019 деп аталган куралдар көргөзмөсүнөн тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Ролик "Звезда" телеканалы тарабынан жарыяланган.

Aurus өзгөчө унаасынын (лимузин) ичи булгаары жана жыгачтан жасалып, маңдай жагына эки монитор коюлган. Ал айдоочуну зарыл болгон маалыматтар менен камсыздап турат.

Жүргүнчү отурчу жер мультимедиалык система менен жабдылган. Борттун ичинде айнектердин ордуна экрандар орнотулган. Ал сырттагы камера тарткан нерселерди көрсөтүп турат.

Путин олимпиада чемпиону менен күч сынашып жатып, манжасын оорутуп алды. Видео
Бул лимузин Tawazun деп аталган эмират холдингинин экспозициясында турат.

Маалыматта анын Россия президенти Владимир Путинди ташый турганы айтылган.

Aurus — Россиянын жогорку даражалуу адамдары үчүн жасалган көркөмдүү жана сөөлөттүү автоунаа. Аларды чыгарган "Кортеж" долбоору 2012-жылдан бери аткарылып келет. Платформанын курамына седан, лимузин (ок өтпөс), кичиавтобус, жолтандабас жана мотоцикл кирет.