БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуу менен кандай артыкчылыктарга ээ болгонун тизмектеп берди.
Мындан сырткары, Путин Кыргызстан менен Россия төрт жылдан бери ЕАЭБдин алкагында кызматташып жатканын эске салып, артыкчылыктарды санап берди.
ИДПнын өсүү темпи ЕАЭБ мамлекеттеринин ичинен эң жогорку деңгээлде;
Россия-кыргыз соода-экономикалык байланышы активдешип, эки тараптуу соода жүгүртүү өсүүдө — 80 пайызга жакыны аймактар аралык соода жүгүртүүгө туура келет;
Өлкөлөр ортосунда жүк ташуунун көлөмү жогорулап, соода жүгүртүүнү жөнгө салган заманбап механизмдер киргизилип жатат.
"Биримдиктин алкагында кызматташуу Россия менен Кыргызстандын аймактарынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн эффективдүүлүгүн жакшыртууга, логистика менен инфраструктураны өнүктүрүүгө шарт түзүүдө", — деди Путин.
27-28-март күндөрү Бишкекте Кыргыз-Россия аймактар аралык VIII конференция өтүп, ага Россиядан 800дөн ашык делегат келди.