Денесинен 16 ийне табылган бала. Өзбекстандык бөбөк кантип жашап жатат

Азибек жакында эки жашка чыкты, ата-энеси маал-маалы менен дарыгерге алып барып турат.
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Бир жыл мурда көптөрдүн үрөйүн учурган окуяга кабылып, денесинен 16 ийне табылган өзбекстандык бөбөктүн өмүрү кыл учунда турган. Анда дарыгерлер баланын өмүрүн кандайдыр бир керемет менен сактап калган.

Жакында "Эл сөзү" басылмасынын журналисттери Азибектин үйүнө барып, абалын билип, ата-энеси менен сүйлөшүп кайткан.

Москвада эркек киши өспүрүмдү 10 жыл бою туткунда кармап келген
Окуя 2018-жылдын 1-февралында болгон. Денесинен кийим тигүүчү 16 ийне табылган ферганалык ымыркайга алгач Ташкенттеги Медициналык чукул жардам республикалык илимий борборунда операция жасалып, 13 ийне алынган. Ал эми калган үчөө баланын денесинде калып, бир аз убакыттан кийин сууруп чыгышкан.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү анализдерден кийин ийнелер ымыркайдын организминде 1-1,5 айдан бери жүргөнү аныкталганын маалымдаган.

Медициналык борбордун балдар бөлүмүнүн жетекчиси Хабибулла Акимов ийнелер ымыркайдын денесинин ар кайсы бөлүгүндө болгонун айтып, ал анын баарын өзү жутуп алышы мүмкүн эместигин белгилеген.

Жакында барган кабарчы эки жаштагы Азибек ата-энеси менен өзүнчө үйгө көчкөндүгүн, бөбөктүн абалы жакшы экендигин билип кайткан.

Тажикстанда ымыркайдын мурду менен төшүнөн он ийне алынды
Сентябрда ата-энеси чүрпөсүн Ташкентке алып барганда дарыгер баланын ден соолугу жакшы экендигин, тынчсызданууга себеп жоктугун айтышкан. Анткен менен ак халатчандар аларга алты айдан кийин дагы бир ирет келип көрүнүп кетүүгө кеңеш беришкен.

Былтыркы кырсыктуу окуядан кийин баланын атасы Алижон Россияга иштегени кетпей, уулунун жанында калган. Туруктуу иши жок болгондуктан, үй-бүлөсүн кыйынчылык менен багып келет.

Ал азыр кантип бүлөсүн багып кетүүнүн жолдорун ойлоп жана мамлекеттин жардамына муктаж болуп тургандыгын айтты.

"Телевизордон огородун иштете албагандарга мамлекет жана банк жардам берет дешти. Чынын айтсам, ошондон үмүт кылып турам. Колубузга бир аз акча тийип калса, андан аркы ишти өзүбүз алып кете алат элек", — деген Алижон.

Азибек үй-бүлөнүн жалгыз уулу.