Бишкектин кээ бир жолдорун суу каптады. Күбөлөрдүн видеосу

Бишкекте кечке жуук нөшөрлөп жамгыр жаап, борбор калаанын кээ бир жолдорун суу каптады.
Sputnik

Күбөлөр суу каптаган жерлердин видеосун жиберишти. Учурда Бишкекте жамгыр токтоду.

Өзгөчө Жаш Гвардия проспектисиндеги көпүрөнүн астын суу каптап, унаалардын өтүшүн кыйындатты.

Нөшөрлөп жаан жаайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
Ошондой эле күбөлөр "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын (Курант) имаратынын алдын дагы видеого тартып жиберишти. Кадрдан көрүнүп тургандай, суу жөө адамдардын өтүшүнө тоскоолдук жаратууда.

Ушундай эле көрүнүш Абдрахманов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде байкалды.

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева Telegram каналындагы "Бишкек сегодня" тайпасына Жаш Гвардия проспектисинде атайын бригада иштеп жатканын кабарлады.