Бишкекте көмөк чордондон өрт чыкты

Өрттү өчүрүүгө саат 17:13тө бир өрт өчүрүүчү машина тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Алдын ала маалымат боюнча Бишкектеги Чүй проспектиси №2/5 дарегинде жайгашкан көмөк чордондо өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө саат 17:13тө бир өрт өчүрүүчү машина тартылган.

Буга чейин күбөлөр "Бишкек сегодня" Telegram каналына өрттүн сүрөтүн жиберишкен.

ӨКМ аталган кырсык боюнча кошумча маалымат берилерин айтты.