Кудай сактаптыр! Бишкекте төрөт үйүнүн маңдайындагы бак кулады. Сүрөт

"Бишкек жашыл чарба" ишканасынан дарактын кулашынын себебин түшүндүрүп беришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Борбор калаанын Логвиненко көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишиндеги №3 төрөт үйүнүн маңдайындагы бак жамгырдан кийин кулады. Бул туурасында "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анын сүрөттөрүн интернет колдонуучулар Facebook тармагындагы баракчасына жарыялаган.

Аталган ишканадан дарактын кулашынын себебин түшүндүрүп беришти.

"Бак куураган эмес, жакшынакай эле экендигин бүрдөп келе жаткан жалбырактары көрсөтүп турат. Тамыры оңдоп-түздөө иштеринен кийин жабыркап, андан соң чирип калыптыр", — деп билдиришкен маалымат кызматынан.

Бактыга жараша, кулаган бактан эч ким жабыркаган эмес.