Ысык-Көлдүн Ак-Суу районуна жаңы аким дайындалды

Тийиштүү жарлыкка өкмөт башчы кол койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп Акылбек Түкөбаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Мелис Турганбаев ЖАМК менен колониялардагы кадрларды алмаштырды
Аймактык кабарчы маалымдагандай, 28-мартта өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров акимди район активине тааныштырды.

Түкөбаев 1964-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Чолпон айылында туулган.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айында президент Сооронбай Жээнбеков коюлган талаптар менен милдеттерди так аткарган жок деген кине менен бир топ район жетекчилерин кызматтан алган. Арасында Ак-Суунун мурунку акими Улан Доконбаев да бар болчу.